Калын-Бернс сүйлөшүүсү

Бернс Айт майрамы учурунда Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Калынга телефон чалды.

2127542
Калын-Бернс сүйлөшүүсү

Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) төрагасы Ибрахим Калын менен америкалык кесиптеши ЦРУнун жетекчиси Уильям Бернс телефон аркылуу сүйлөштү.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, Бернс Айт майрамы учурунда Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Калынга телефон чалып, Ирандын Израилге кол сала турганы жөнүндөгү айтымдарга  байланыштуу ортомчулук кылуусун суранды.

Калын ошондой эле Бернс менен Газадагы ок атышпоо сүйлөшүүлөрү тууралуу пикир алмашты.

Ибрахим Калын америкалык кесиптеши менен сүйлөшүүсүнөн кийин Хамас менен да сүйлөшүү өткөрдү.

Ушул эле булактардан алынган маалыматка караганда, Калын Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хания менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Израилдин Газада уланып жаткан кол салуулары, ок атышпоо сүйлөшүүлөрү, аймакка гуманитардык жардамдардын жеткирилиши, туткун алмашуу жана газалыктардын үйлөрүнө кайтуулары темаларын талкуулады.



Тектеш кабарлар