ПКК/КЖКнын Париждеги жооптуусу кармалды

Стамбул аэропортуна конгон учактан түшкөн Серхат Г бул жерде күтүп турган полиция тарабынан кармалып, коопсуздук башкы башкармалыгына жеткирилди.

2127301
ПКК/КЖКнын Париждеги жооптуусу кармалды

Жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын «Париж түндүк жаштар бөлүмү боюнча жооптуусу» террорист Серхат Г Франциядан келери менен Стамбул аэропортунда кармалды.

Стамбул коопсуздук департаментинин Террор менен күрөшүү башкармалыгынын топтору, 2022-жылы «террордук уюмга мүчө болгон» деген жүйө менен 4 жыл 3 ай абак жазасына кесилген Серхат Гнын Стамбулга учак менен келерин аныкташты.

Стамбул аэропортуна конгон учактан түшкөн Серхат Г бул жерде күтүп турган полиция тарабынан кармалып, коопсуздук башкы башкармалыгына жеткирилди.

Террордук уюм ПКК/КЖКнын «Париж түндүк жаштар бөлүмү боюнча жооптуусу» катары иш алып барган террористке Интерпол департаментинин да кызыл эскертүү менен издөө салганы белгилүү болду.

Террорист Серхат Гга Париж Кылмыш соту тарабынан да «террорду каржылаган» деген айып менен 2 жыл 10 айы көзөмөлдүк эркиндик жалпысынан 4 жылга эркинен ажыратуу жана көзөмөлдөө, ошондой эле 5 жылга курал алып жүрүүгө тыюу салынганы белгиленди.

Бул кишинин 2014-жылы террористтик уюмдун айыл бөлүмүнө кошулганы аныкталды.



Тектеш кабарлар