Антальядагы чемпионатка катыша турчу өлкө жана спортчулар

Түркиянын жеңил атлетика федерациясынын билдирүүсүнө караганда, 21-апрель жекшемби күнү боло турган иш-чара үчүн 52 өлкөдөн 431 спортчу Антальяга келет.

2127082
Антальядагы чемпионатка катыша турчу өлкө жана спортчулар

Антальяда өтө турган Дүйнөлүк жөө командалар чемпионатына катыша турган өлкө жана спортчулардын саны белгилүү болду.

Түркиянын жеңил атлетика федерациясынын билдирүүсүнө караганда, 21-апрель жекшемби күнү боло турган иш-чара үчүн 52 өлкөдөн 431 спортчу Антальяга келет.

Дүйнөлүк чемпионатка тармактын алдыңкы спортчулары катышат. Олимпиада чемпиондору италиялык Антонелла Пальмисано менен Массимо Стано жана польшалык Давид Томала бул жарыштын дымактуу ысымдары.

Венгриянын борбор шаары Будапештте өткөрүлгөн акыркы дүйнөлүк чемпионатта 20 жана 35 километрде кош чемпиондукту багынткан испаниялык Альваро Мартин менен Мария Перес Антальяда подиумга эң жакын ысымдар арасында.

Токио Олимпиадасынын байге ээлери колумбиялык Лорена Аренас, канадалык Эван Данфи, немис Жонатан Хильберт, япониялык Коки Икеда жана кытайлык Лю Хонг, ошондой эле 2023-жылкы Дүйнө чемпиондугунун байге ээлери бразилиялык Кайо Бонфим, япониялык Масатора Кавано жана австралиялык Жемима Монтаг да тизмедеги маанилүү ысымдар болуп саналат.

Антальяда швециялык Персеус Карлстром, эквадордук Брайан Пинтадо, немис Кристофер Линке, япониялык Рио Хаманиши жана испаниялык Пол МакГрат да күч сынашат.

Үй ээси Түркиянын 16 кишилик курамында дүйнө жана Европа чемпиондугунда медаль алган Мерьем Бекмез, дүйнөдө төртүнчү Салих Кокмаз жана 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиону Мазлум Демир да бар.



Тектеш кабарлар