Эрдоган Ханийеге көңүл айтты

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган Ханийе менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2126658
Эрдоган Ханийеге көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин кол салуусунда балдары жана неберелери шейит болгон Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханийеге көңүл айтты.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган Ханийе менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президент Эрдоган Израилдин кол салуусунда балдары жана неберелеринин шейит болгондугу үчүн Ханийеге көңүл айтып, Израилдин  адамзатка каршы кылган кылмыштары үчүн мыйзам алдында сөзсүз жооп берерин айтты.

Ошол эле учурда вице-президент Жевдет Йылмаз социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө Израилдин кол салуусунда үч баласы жана үч небереси шейит болгон Хенийеге көңүл айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш телефон аркылуу сүйлөшкөн Хенийеге көңүл айтып, Израилдин мыйзам алдында жасаган бардык адамзатка каршы кылмыштары үчүн сөзсүз жооп берерин билдирди.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Ибрахим Калын да Хенийеге телефон чалып, көңүл айтты.



Тектеш кабарлар