Эрдоган : "Газага 45 миң тонна жардам материалын жибердик"

Президент Эрдоган видео кайрылуусунда жарандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

2126287
Эрдоган : "Газага 45 миң тонна жардам материалын жибердик"

 Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Газага  45 миң тоннадан ашуун жардам материалдарын жибергендигин айтты.

Президент Эрдоган видео кайрылуусунда жарандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Эрдоган билдирүүсүндө: «Биз Палестина элинин кыйын күндөрүндө жанында экенибизди көрсөттүк. Түркия катары бул оор мезгилде аймакка жөнөткөн жалпы көлөмү 45 миң тоннадан ашкан жардам материалы менен Палестина элинин жанында экенибизди көрсөттүк. Газадагы кан төгүүлөр токтойт жана палестиналык боордошторубуз 1967-жылдагы чек араларга негизделген, борбор шаары Чыгыш Кудс болгон эркин Палестина мамлекетине ээ болгонго чейин колдообузду улантабыз»,- деди.  

Президент билдирүүсүндө террордук уюмдарга каршы операцияларга да токтолуп : «Өлкөбүздүн биримдигине жана элибиздин тынчтыгына коркунуч келтирген ПККдан ФЕТО жана ДЕАШка чейин террордук уюмдарга эч кандай мүмкүнчүлүк бербейбиз, террорду булагында кургатуу стратегиябызды чечкиндүү түрдө ишке ашыруудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар