Фахреттин Алтун Израилдин жалган маалыматтарына каршылык көрсөттү

Башкармалык тарабынан Түркиянын Лондон элчилигинде "Түркия  -  Бириккен Королдук карым  - катнаштары панели" өткөрүлдү.

2126071
Фахреттин Алтун  Израилдин жалган маалыматтарына каршылык көрсөттү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын директору Фахреттин Алтун палестиналыктарды жана чындыкты жактоонун адамдык абийирди коргоо деген мааниге келгенин айтты. 

Башкармалык тарабынан Түркиянын Лондон элчилигинде "Түркия  -  Бириккен Королдук карым  - катнаштары панели" өткөрүлдү.

Панелге көптөгөн окумуштуулар, аналитикалык борборлордун өкүлдөрү, журналисттер жана ишкерлер катышты.

Президенттиктин  коммуникация боюнча директору Алтун да панелдин ачылышында видео кайрылуу менен катышуучуларга кайрылды.

Израилдин Палестинага кол салууларына да токтолгон Алтун, Израилдин Газага 6 айдан бери уланып жаткан кол салууларында ачарчылыкты курал катары колдонгонун,  аймакка  гуманитардык жардамдын да бериле албагандыгын белгиледи.

Израилдин ырайымсыз кол салууларын жаап-жашыруу үчүн колдонгон системалуу жалган маалымат кампанияларына көңүл бурган Алтун, бул жалган маалыматка каршы күрөшүп жатышкандарын билдирди.

Израилдин палестиналыктарды жана жалган маалымат  таратып чындыктарды жок кылып жаткандыгын баса белгилеген Алтун : "Палестиналыктарды жана чындыкты коргоо кандайдыр бир мааниде адамдын кадыр-баркын коргоо дегенди билдирет. Түркия Палестина баш болгон аймактык жана глобалдык маселелерде Улуу Британия менен ар кандай кызматташтыкка ачык»,-деди.

 

 



Тектеш кабарлар