Эрдоган индонезиялык кесиптеши менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Түркия менен Индонезиянын ортосундагы эки тараптуу карым - катнаштар жана дүйнөлүк абалдар талкууланды.

2126097
Эрдоган индонезиялык кесиптеши менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Индонезиянын шайланган президенти Прабово Субианто менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Түркия менен Индонезиянын ортосундагы эки тараптуу карым - катнаштар жана дүйнөлүк абалдар талкууланды.

Субиантону шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган президент Эрдоган, жаңы мезгилде да Түркия менен Индонезиянын ортосундагы терең тамырлуу карым - катнаштардын  өнүгөрүнө ;  эки өлкөнүн бардык тармактарда кызматташтыгы, өзгөчө коргонуу өнөр жайы, аскердик, соода жана каржылык байланыштар өз ара ишеним жана өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын алкагында өнүгөт деген үмүтүн билдирди.

Президент Эрдоган Палестина маселеси жана ислам дүйнөсүнө тиешелүү бардык темаларда Индонезия менен күчтөрдү бириктирүүнү улантуунун маанилүү экенин, эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин биринчи жыйынынын эң ылайыктуу убакта өткөрүлүшү керектигин айтты. 

Сүйлөшүүдө  президент Эрдоган  Субиантону Орозо айт майрамы менен куттуктады.

 

 



Тектеш кабарлар