Эрдоган Зардари менен телефон аркылуу сүйлөштү
Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркия менен Пакистандын ортосундагы карым-катнаштар талкууланды.
2125668
Президент Режеп Таййип Эрдоган Пакистандын президенти Асыф Али Зардари менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркия менен Пакистандын ортосундагы карым-катнаштар талкууланды.
Сүйлөшүүдө президент Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды ар тармакта бекемдөө чечкиндүүлүгүн билдирди.
Президент Эрдоган алдыдагы мезгилде өткөрүлө турган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйыны менен эки тараптуу карым – катнаштардын дагы да бекемделе турганын айтты.
Пакистандагы террордук кол салууларда каза болгондорго көңүл айткан президент Эрдоган, Зардарини Кадыр түнү жана келе жаткан Орозо айт майрамы менен да куттуктады.