Эрдоган Ислам дүйнөсүнүн көйгөйлөрүнө токтолду

Президент Эрдоган Түркия радио телеберүү мекемесинин (TRT) телеканалы ТРТ1де көрсөтүлгөн Курани Карим окуу жарышынын финалына катышып, сөз сүйлөдү.

2125561
Эрдоган Ислам дүйнөсүнүн көйгөйлөрүнө токтолду

Президент Режеп Таййип Эрдоган Палестинада басып алуу, зулумдук жана кыргын саясаттарынын үч чейрек кылымдан бери барган сайын күчөп уланып жатканын айтты.

Президент Эрдоган Түркия радио телеберүү мекемесинин (TRT) телеканалы ТРТ1де көрсөтүлгөн Курани Карим окуу жарышынын финалына катышып, сөз сүйлөдү.

Ислам дүйнөсүнүн башынан өткөргөн көйгөйлөргө токтолгон Эрдоган:«Биздин коңшубуз Сирия 13 жылдан бери башаламандыктан жана каргашадан чыга албай келет. Ливия менен Йеменде дагы эле тынчтык орной элек. Судандагы миллиондогон адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Палестинада баскынчылык, зулумдук жана кыргын саясаттары үч чейрек кылымдан бери барган сайын күчөп уланууда. Газалык боордошторубуздун туптуура 180 күндөн бери көргөн зулум жана геноцидди түшүндүрүүгө сөз да жетишсиз болуп калды»,- деди.

Империалисттик күчтөрдүн Ислам географиясында оюндарды ойноп жатканын белгилеген Эрдоган, Ислам өлкөлөрүндөгү жер астындагы байлыктардан колонизатор күчтөрдүн киреше алганын белгиледи.

Эрдоган:«Африкадан Азияга чейинки көптөгөн аймактарды караганыбызда, бул эксплуатация дөңгөлөгү кантип орнотулганын жана анын кантип иштетилгенин оңой эле көрө алабыз. Бүгүнкү күндө Сирия, Йемен, Ливия, Судан, Палестина жана башка көптөгөн исламий өлкөлөрдө кан төгүлгөн кагылышуулардын, тирешүүлөрдүн жана куугунтуктардын артында бул эксплуатация системасын улантуу пландары бар»,-деп өз баасын берди.

Президент Эрдоган Ислам дүйнөсүнүн Курани Каримдин жол көрсөтүүсүнө мурдагыдан да көбүрөөк муктаж экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар