Түркия "Европадагы конвенционалдык куралдуу күчтөр келишиминен" чыкты

Президенттин жарлыгы Расмий гезитте жарыяланды.

2125396
Түркия "Европадагы конвенционалдык куралдуу күчтөр келишиминен" чыкты

Түркия «Европадагы конвенционалдык куралдуу күчтөр келишиминен» чыкты.

Расмий гезитте жарыяланган Президенттин жарлыгына ылайык, Түркия Франциянын борбор шаары Парижде 1990-жылы 19-ноябрда кол коюлган жана Министрлер кеңешинин 1992-жылдын 1-июлундагы 92/3250 токтому менен бекитилген «Европадагы конвенционалдык куралдуу күчтөр келишиминен» чыкты.

Жарлыкта, «Түркия Республикасы менен Келишимге катышкан башка мамлекеттердин ортосунда Президенттин No9 Жарлыгынын 3-беренесине ылайык 2024-жылдын 8-апрелинен тарта келишимдин аткарылышын токтотуу чечими чыгарылды»,- деген сөздөр камтылды.  



Тектеш кабарлар