Хакан Фидан : НАТОнун 2025 - жылдагы жыйыны Түркияда өткөрүлөт"

Фидан Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн НАТОнун тышкы иштер министрлер жыйынынан кийин басма сөзгө күн тартипке байланыштуу баа берди.

2125316
Хакан Фидан  : НАТОнун  2025 -  жылдагы жыйыны Түркияда өткөрүлөт"

Тышкы иштер министри Хакан Фидан НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынын 2025 - жылы Түркияда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылганын билдирди.

Фидан Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн НАТОнун тышкы иштер министрлер жыйынынан кийин басма сөзгө күн тартипке байланыштуу баа берди.

Министр Фидан НАТОнун тышкы иштер министрлеринин 2025 - жылы өтө турган расмий эмес жыйынын Түркияда өткөрүүнү сунуштаганын айтып : "Бул чечим кабыл алынды. 2025-жылы НАТОнун тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйыны Түркияда өтөт",-  деди.

Жыйында Түркиянын коопсуздугу тууралуу союздаштардан күтүүлөрүн айтканын белгилеген Фидан : «Террор менен күрөшүүдө НАТОго мүчө өлкөлөрдүн толук жана шартсыз Түркияга колдоо көрсөтүүлөрү, террор менен күрөшүүдө Түркиянын жанында болуулары, өзгөчө Сирияда болгондой айрым НАТО мүчөсү өлкөлөрдүн «убактылуу» маскасы менен болсо да террордук уюм менен кызматташтык түзбөшү керектигин баса белгиледик. Мунун НАТО союздаштыгына терс экендигин айттык»,- деди.

Министр Фидан жыйындын алкагында өткөргөн эки тараптуу жолугушууларда кесиптештери менен Газадагы абал тууралуу пикир алмашканын билдирди.

Жыйында Украинадагы согуш тууралуу тышкы иштер министри Дмитрий Кулебадан маалымат алганын  белгилеген Фидан Түркиянын да бул өлкөнүн коопсуздук жана эгемендүүлүк укуктарынын жанында экендигин дагы бир жолу баса белгилегендигин, согушту токтотуу үчүн тынчтыкка жана ок атышпоого альтернатив жолдордун изилдениши керектигин баса белгиледи.

Америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен болгон эки тараптуу жолугушууда кеңири темаларга токтолушкандарын белгилеген Фидан, булардын арасында президент Режеп Таййип Эрдогандын Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байдендин чакыруусу менен АКШга баруу күнүн белгилөөнүн да орун алганын   айтты.

Фидан буларды белгиледи : «Ф  - 16 маселеси чечилди. Башка тармактардын алдыга жылышы күн тартибинде болот. Президентибиздин көз карашы, Түркия - Америка карым – катнаштарын бир гана коопсуздукка багытталган, экономика, технология, соода жана башка тармактарды камтыган мамиледен арылтуу менен дагы тең салмактуу, кеңири карым-катнаштардын пайда болушу. Бул тууралуу да президентибиз керектүү көз караштарыбызды билдирет».

Фидан эки жума мурда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөн Атомдук энергия саммитинде НАТОнун баш катчылыгына талапкерлерден Нидерландиянын премьер - министри Марк Рютте менен жолугушканын да билдирип : "Жакында Түркияга келиши мүмкүн. Келе турган күн тууралуу  иштеп жатабыз",- деди.



Тектеш кабарлар