Түрк аскерлери Косово - Сербия чек арасында күзөт иштерин улантуда

Түрк аскерлери 1999 - жылдан бери Косоводо KФОРдун курамында кызмат кылууда. Түркия KФОРдун командирлигин биринчи жолу 10 - октябрда 1 жылдыгына өткөрүп алган.

2124332
Түрк аскерлери Косово  -  Сербия чек арасында күзөт иштерин улантуда

НАТОнун Косоводогу Тынчтык күчтөрүнүн (КФОР) курамында кызмат кылган түрк аскерлери Сербиянын чек ара аймагындагы коопсуздукту камсыздоо үчүн күзөт иштерин улантууда. KFORдун социалдык медиа эсебинде түрк аскерлеринин күзөт иштеринин сүрөттөрү бөлүшүлдү.

Бардык коомчулуктар үчүн кыймыл эркиндиги менен коопсуз чөйрө түзүү мактасында үзгүлтүксүз күзөт иштеринин уланып жатканы белгиленген билдирүүдө  KФОР командири, генерал Өзкан Улуташтын да чек ара аймагында кызмат кылган түрк аскерлери менен жолугушкандыгы белгиленди. 

Май-июнь айларында Косовонун түндүгүндө болгон чыңалууда ондогон KФОР жоокерлери жарадар болгон. Аймактын Банжска айылында 24 - сентябрда чыңалуу күчөп, куралдуу серб тобунун Косово полициясына кол салуусу менен башталган кагылышууда 1 полиция кызматкери жана 3 кол салуучу каза болгон

KФОР кол салуудан кийин  аймакта болууну жана күзөт иштерин күчөттү. 

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо чечимине ылайык, 1999-жылдын 12-июнунда Косоводо кызмат өтөй баштаган KФОРдун курамында  НАТОго мүчө  21 жана мүчө болбогон 6 өлкө болуп  27  өлкөдөн 4500дөн ашуун эл аралык аскер  бар.

Түрк аскерлери 1999 - жылдан бери Косоводо KФОРдун курамында кызмат кылууда. Түркия KФОРдун командирлигин биринчи жолу 10 - октябрда 1 жылдыгына өткөрүп алган. 

 



Тектеш кабарлар