Анталья туризминде рекорд

Январь, февраль, март айларында шаарга эң көп германиялык туристтер келди.

2124094
Анталья туризминде рекорд
antalya turist turizm.jpg

Өткөн жылы туризм тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жеткен Анталья, 2024-жылдын алгачкы үч айында да айлык негизде рекорд жаңылоону улантууда.

Март айында биринчи жолу 500 миңден ашуун туристти кабыл алган шаарда 3 айлык мезгилде болсо биринчи жолу 1 миллиондук босогодон өтүлдү.

Март айында Антальяга, 348 миң туристти кабыл алган өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 45 пайыздык өсүү менен 505 миң 421 турист келди.

1-январдан 31-мартка чейинки маалыматтарга караганда Анталья өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 25,6 пайыздык өсүү менен 1 миллион 5 миң 207 чет элдик туристти тосуп алды.

Январь, февраль, март айларында жалпы турист саны боюнча шаарга эң көп германиялык туристтер келди. Германиядан өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 65 пайыздык рекорддук өсүү менен 279 миң 803 киши келди. Немистердин жалпы туризмдеги үлүшү 32,8 пайызга өстү.

Көптөгөн жылдардан бери Анталья туризминде лидер болгон орустар бул жылы рейтингде экинчи орунга түштү. Орусиядан өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,4 пайыздык азаюу менен 171 миң 770 турист келди. Туристтердин жалпы санында орусиялыктардын үлүшү 20 пайызды түздү.

Антальянын негизги рынокторунун арасында орун алган Британия 2024-жылдын үч айлык мезгилинде өткөн жылга салыштырмалуу 40 пайыздык өсүү көрсөттү жана 124 миң 621 турист менен үчүнчү орунду ээледи. Туристтердин жалпы санында британиялыктардын үлүшү 14,5 пайызды түздү.



Тектеш кабарлар