Түркия Шифа ооруканасы тууралуу билдирди

Түркия Газадагы  Шифа ооруканасынан келген көрүнүштөрдүн Израилдин Палестина калкын  атайын системалуу түрдө жок кылууну максат кылышынын далили экендигин билдирди.

2123394
Түркия Шифа ооруканасы тууралуу билдирди

Түркия Газадагы  Шифа ооруканасынан келген көрүнүштөрдүн Израилдин Палестина калкын  атайын системалуу түрдө жок кылууну максат кылышынын далили экендигин билдирди.  Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Израиль бийлигинин акыркы алты айда кылган кылмыштары адамзат тарыхында жасалган эң чоң  жапайчылыктын арасында орун алды»,- деп айтылып, бул кылмышты кылгандардын баарынын жоопко тартылары жана кылмыштардын жасалышына көз жумгандардын аттары тарыхта кара так катары калары белгиленди.

«Газадагы Шифа ооруканасынан алынган сүрөттөр Израилдин Палестина калкын атайылап жана системалуу түрдө жок кылууну максат кылышынын далили»,-деп айтылган билдирүүдө адамдык абийир менен мыйзамды жок санап, глобалдык тынчтык жана ырааттуулукка зыян келтирген Израилди токтотуу эл аралык коомчулуктун милдети экени белгиленди.

Билдирүүдө : «Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган акыркы ок атышпоо чечими менен Эл аралык Адилет Соту жарыялаган кошумча чаралардын ишке ашырылышы үчүн зарыл болгон чаралар кечиктирилбестен көрүлүшү керек»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар