Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасалган билдирүү.
2123160
Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПККга мүчө 5 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасалган билдирүүдө, «Террордун уяларын жабууну улантып жатабыз! Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында аныкталган 5 ПКК террористи аба күчтөрүбүз тарабынан таасирсиз кылынды. Асыл улутубузду террор балээсинен куткаруу үчүн күрөшүбүздү чоң ынтызардуулук жана чечкиндүүлүк менен улантып жатабыз жана улантабыз!» деп айтылды.