Эрдоган Раиси менен сүйлөшүү өткөрдү

Cүйлөшүүдө Түркия менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар, Израилдин Палестина жерлерине кол салуулары жана аймактагы гуманитардык абал талкууланды.

2122901
Эрдоган Раиси менен сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа баракчасындагы маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Түркия менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар, Израилдин Палестина жерлерине кол салуулары жана аймактагы гуманитардык абал талкууланды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Газада ок атышпоо чечимин тез арада ишке ашыруу үчүн аракеттерди көбөйтүүнүн маанилүү экенин белгилеп, бул процессте ФАТХ менен Хамастын биримдикте иш алып баруусу керектигин айтты.

Эрдоган Израилдин чыңалууну аймакка жайылтуу аракеттеринин алдын алуу үчүн биргелешип иштөө зарылдыгын билдирди.



Тектеш кабарлар