Эрдоган Марк Рютте менен телефон аркылуу сүйлөштү

Телефондогу сүйлөшүүдө Түркия менен Нидерландиянын эки тараптуу карым-катнаштары жана НАТОнун жаңы баш катчысын аныктоо процесси каралды.

2122943
Эрдоган Марк Рютте менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Голландиянын премьер-министри Марк Рютте менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүдө Түркия менен Нидерландиянын эки тараптуу карым-катнаштары жана НАТОнун жаңы баш катчысын аныктоо процесси каралды.

Президент Эрдоган НАТОнун баш катчылыгына талапкер Рюттеге Түркиянын жаңы баш катчыдан күткөндөрүн да билдирди.

Эрдоган жаңы баш катчыдан террорчулукка жана башка чакырыктарга каршы күрөштө мүчөлөрдүн коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына эң жакшы кызмат кылуусун, альянстын биримдигин чыңдоону жана НАТОнун маанилүү ролуна артыкчылык берүүсүн , альянстын негизги баалуулуктарына жана калыптанып калган практикасына ынанымдуу милдеттенмелерди көрсөтүүсүн, Евробиримдикке кирбеген союздаштардын сезимталдыктары эске алынышы керектигин билдирди.

Президент Эрдоган сүйлөшүүсүндө бул принциптердин негизинде Түркиянын бул темадагы чечимин стратегиялык акылмандык жана теңчиликтин алкагында чыгара турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар