Эртең Түркияда жергиликтүү шайлоо өтөт

Жалпы өлкөдө 206 миңден ашык үкөк орнотулат.

2122354
Эртең Түркияда жергиликтүү шайлоо өтөт

Түркия эртең жаңы жергиликтүү башкаруучуларын шайлоо үчүн добуш берет.

61 миллион  441 миңден ашкан шайлоочу добуш бере турган шайлоодо 34 саясий партиянын  талапкерлери менен көз карандысыз талапкерлер да ат салышат.

Жалпы өлкөдө 206 миңден ашык үкөк орнотулат.

Жергиликтүү шайлоолордо; 30 чоң шаар, 51 облус, 973 район жана 390 шаардын мэрлери жана 50 миң 336 аким шайланат.

Облустук жалпы кеңешке жана муниципалдык кеңешке мүчөлүккө шайлоо өткөрүлөт.

Жогорку Шайлоо Комиссиясы мезгилдин шарттары жана күндүн батуу саатына көңүл буруп, чыгыштагы  32 облуста добуш берүү процессин бир саат алдыга жылдырды.

Ушунун алкагында  32 облуста добуш берүү Түркия убактысы боюнча саат  07:00дө башталып  16:00дө аяктайт.

Бул облустардын тышында калган жерлерде добуш берүү сааты  08: 00дө башталып  17:00дө аяктайт.



Тектеш кабарлар