Тышкы иштер министринин орун басары Серим Косоводо

Косового эки күндүк сапар менен барган тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим борбор шаар Приштинада жолугушууларды өткөрдү.

2122088
Тышкы иштер министринин орун басары Серим Косоводо
yasin ekrem serim kosova temaslar.jpg
yasin ekrem serim kosova temaslar.jpg
yasin ekrem serim kosova temaslar.jpg
yasin ekrem serim kosova temaslar.jpg

Косового эки күндүк сапар менен барган тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим борбор шаар Приштинада жолугушууларды өткөрдү.

Серим Косовонун азчылыктар жана адам укуктары боюнча вице-премьер-министри Эмилия Редзепи менен жолугушуп, эки тараптуу карым-катнаштарга баа берди.

Андан кийин Серим Косовонун аймактык өнүгүү министри жана Косово Демократиялык Түрк партиясынын (KDTP) лидери Фикрим Дамка менен жолугушуп, Косово түрк коомчулугуна байланыштуу иштер боюнча пикир алмашты.

Приштина элчилигинин резиденциясында Косоводо иш алып барган түрк ишкерлери жана инвесторлору менен жолугушкан Серим, элчиликтин кызматкерлери жана тиешелүү мекеме өкүлдөрү менен да жолугушту.

Серим борбор шаар Приштинага жакын жердеги Осмон империясынын үчүнчү султаны Мурат Худавендигардын (Мурад I) мүрзөсүн зыярат кылды. 1854 - жылы Султан Абдүлмежит Хандын жарлыгы менен мүрзө башчы болуп дайындалган бухаралык ажы Али бей үй  - бүлөсүнүн мүчөсү, мүрзө кызматкери менен жолугушту.

НАТОнун Косово Тынчтык күчтөрүнүн командири (KFOR) Өзкан Улуташ менен да жолугушкан Серим Косово сапарынын биринчи күнүн ТИКАнын Приштинада берген ифтар программасына катышуу менен аяктады.

Серим бүгүн Косовонун түштүгүндөгү Призрен жана Мамуша муниципалитеттерине барат.



Тектеш кабарлар