Грек медиасында Түркия тууралуу анализ

Грек  басма сөзүндөгү акыркы анализдерде батыштын Россияга каршы саясаттарынын Түркияны держвага айландыргандыгы белгиленди.

2122198
Грек медиасында Түркия тууралуу анализ

Грек  басма сөзүндөгү акыркы анализдерде батыштын Россияга каршы саясаттарынын Түркияны держвага айландыргандыгы белгиленди. 

Түркиянын коргонуу өнөр жай тармагындагы ийгиликтери Греция басма сөзүндө дагы бир жолу орун алды.

Грециянын алдыңкы маалымат сайттарынын бири News Break : "Батыштын Россияга болгон душмандыгы Түркияны "супер державага" айландырды. Өзгөчө коргонуу өнөр жайында Түркия  өнөр жай держава болду",- деп айтылды. 

Анализ кабарда  батыштын  Россияга карата мамилеси жана Россияга каршы саясаттарынын аймакка тийгизген таасирине баа берилди. 

Анализде бул абалдын түрк коргонуу өнөр жай продукцияларына болгон кызыгууну арттырганы баса белгиленип, Түркиянын АКШга эң көп артиллериялык снаряд саткан өлкө болууга даярданып жатканы маалымдалды.

АКШнын Коргоо министрлиги быйыл тапшыруу үчүнбир түрк  фирмасынан 116 миң согушка даяр артиллериялык снаряд сатып алганы жана дагы бир түрк фирмасынын Техас штатында завод курганы жана 2025 - жылга чейин Америкада жасалган 155 миллиметрдик артиллериялык снаряддардын болжол менен 30 пайызынын ушул жерде чыгарылары белгиленди.  



Тектеш кабарлар