Түркиядан Газага 8-жардам кемеси

Фонддор Башкы директорлугунун кызматташтыгында даярдалган 8-гуманитардык жардам кемеси жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00дө Мерсин портунан жөнөп кетти.

2121257
Түркиядан Газага 8-жардам кемеси

Түркиянын 8-гуманитардык жардам кемеси Газа калкы үчүн Мерсин портунан жолго чыкты.

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) билдирүүсүнө караганда, Израилдин кол салууларынын бутасы болгон Газа тилкесиндеги жарандарга Түркиянын гуманитардык жардам жеткирүүсү уланууда.

Фонддор Башкы директорлугунун кызматташтыгында даярдалган 8-гуманитардык жардам кемеси жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00дө Мерсин портунан жөнөп кетти.

Жардам кемеси менен Газа тилкесиндеги Палестина калкына 2 миң 960 тонналык 125 миң азык-түлүк кутусу жөнөтүлүүдө.

Түркия, Израилдин кол салуулары башталган 7-октябрдан бери 13 учак жана 7 кеме менен Газа тилкесинин калкына гуманитардык жардам жөнөттү.



Тектеш кабарлар