ТБ 3  куралдуу учкучсуз учуучу аппараты   учуу сыноосун ийгиликтүү аяктады

Сыноо учурунда машыгуу учуусун аткраган Байрактар ​​AKINCI чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараты да  ASELFLIR-500 менен коштолду.

2120810
ТБ 3  куралдуу учкучсуз учуучу аппараты   учуу сыноосун ийгиликтүү аяктады

Байкардын улуттук жана жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен иштелип чыккан Байрактар ТБ 3 учкучсуз учуучу аппараты классында  дүйнөнүн эң мыктысы болгон ата мекендик электро - оптикалык системасы ASELFLIR - 500 менен биринчи учуу сыноосун ийгиликтүү аяктады.

Компаниянын билдирүүсүнө караганда улуттук куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Текирдагдын Чорлу районундагы AKINCI  учуу  - машыгуу  жана сыноо борборунда өткөрүлгөн Орто Бийиктиктеги системаны аныктоо жана аткаруу сыноосунда биринчи жолу Аселсан тарабынан улуттук түрдө иштелип чыккан ASELFLIR-500 менен учту.

Аткарылган сыноонун негизинде дүйнөдөгү эквиваленттерине салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон ASELFLIR-500 электро-оптикалык чалгындоо, байкоо жана бутага алуу системасынын интеграциясы ийгиликтүү ишке ашырылды. Сыноо учурунда машыгуу учуусун аткраган Байрактар ​​AKINCI чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараты да  ASELFLIR-500 менен коштолду.

Ушундайча  Байрактар ​​ТБ 3  куралдуу учкучсуз учуучу аппараты  6 саат учкан 25 - учуу сыноосун ийгиликтүү аяктады.

 

 



Тектеш кабарлар