Фидан:«Түркия катары биз азыр ар бир талаада, ар бир үстөлдө барбыз»

Программадагы сөзүндө президент Режеп Таййип Эрдогандын улуту үчүн күнү-түнү иштеп, күрөшкөнүн белгилеген Фидан, улуттук кайра жаралуу мезгилине киргенибизди; Бул да Түркия кылымы экенин айтты.

2120840
Фидан:«Түркия катары биз азыр ар бир талаада, ар бир үстөлдө барбыз»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Газа тилкесинде чукул ок атышпоо тууралуу чечим кабыл алынган резолюция долбооруна байланыштуу:«Израиль өзүнүн ырайымсыздыгы менен жалгыз калды»,-деди.

Хакан Фидан Аданадагы ифтар программасына катышты.

Программадагы сөзүндө президент Режеп Таййип Эрдогандын улуту үчүн күнү-түнү иштеп, күрөшкөнүн белгилеген Фидан, улуттук кайра жаралуу мезгилине киргенибизди; Бул да Түркия кылымы экенин айтты.

Фидан:«Түркия катары биз азыр ар бир талаада, ар бир үстөлдө барбыз»,-деди.

Коргоо өнөр жайындагы ата мекендик жана улуттуулук көрсөткүчүнүн 80 пайызга жеткирилгенин белгилеген Фидан: «Күчтүү саясий эрк, улуттук каражаттар жана мүмкүнчүлүктөр менен айкалышып, биз өлкөдөгү бардык террордук уюмдардын белин сындырдык. Биз Сирия менен Иракта артында ким турганына карабастан террордук коридорго жол берген жокпуз жана бербейбиз»,-деп айтты.

Хакан Фидан дүйнөнүн чырмалышкан жана татаал процесстен өтүп жатканын баса белгилеп:«Бүгүнкү күндө ар кандай оор шарттарга карабастан, биз бир жагынан Украинада, Газада, Түштүк Кавказда, Иракта, Ливияда жана Балканда тынчтык үчүн аракет кылып жатабыз, экинчи жагынан коопсуздугубузду, мекендештерибизди жана диндеш боордошторубузду коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз»,-деди.

Палестина маселесин колдогондорун белгилеген тышкы иштер министри: «Биз көрсөткөн эл аралык басым өз жыйынтыгын берип жатат. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ок атышпоого жана чукул гуманитардык жардамга чакырган акыркы чечими да мунун бир көрүнүшү болду. Бул ирет чечимдин чыгышына АКШ да тоскоол боло алган жок. Израиль өзүнүн ырайымсыздыгы менен жалгыз калды. Биз Газадагы мыкаачылыктарды токтотуу жана Палестина мамлекети түзүлө турган адилет тынчтыкты орнотуу үчүн ар бир платформада палестиналыктардын үнү жана деми болууну улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар