Адилет министри Тунч Бельгиядагы түрк жарандарына кол салууларды айыптады

Бул тууралуу Адилет министри Йылмаз Тунч социалдык медиа эсебинен билдирүү жарыялады.

2120731
Адилет министри Тунч Бельгиядагы түрк жарандарына кол салууларды айыптады

Адилет министри Йылмаз Тунч Бельгияда жикчил террордук уюм ПКК колдоочуларынын түрк жарандарына  кол салууларын айыптады.

Министр Тунч социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө: «Чыккынчы террор уюму ПККнын колдоочуларынын Бельгиядагы жарандарыбызга жана жарандарыбызга тиешелүү жерлерге кол салууларын катуу айыптайм жана наалат айтам. Кол салууларда жараланган жарандарыбыздын тез сакайып кетишин тилеймин»,-деди.

Тунч Түркия катары ар дайым түрк жарандарынын жанында болоорун жана кол салгандарга карата башталган тергөөнү жакындан байкай тургандарын белгилеп: «Терроризм адамзатка каршы кылмыш экенин жана терроризмдин дини, тили, расасы жана сектасы жок экенин унутпаш керек. Чыккынчылык менен жасалган террордук актылар кайсы жерде болбосун, коомдук тынчтыкка, коомдук тартипке жана адамдык ар-намыска чоң коркунуч келтирет. Бардык террордук уюмдарга, алардын колдоочуларына жана кызматташтарына каршы бардык өлкөлөр так позицияны карманып, жалпы каршы чыгууну көрсөтүшү керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар