Эрдоган Израилдин Газада Экинчи Дүйнөлүк согуштагыдан да ырайымсыз геноцид кылганын айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда ифтар программасында сөз сүйлөдү.

2119323
Эрдоган Израилдин Газада Экинчи Дүйнөлүк согуштагыдан да ырайымсыз геноцид кылганын айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилдин Газада Экинчи Дүйнөлүк согуштагыдан да ырайымсыз геноцид кылганын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда ифтар программасында сөз сүйлөдү.

Эрдоган Сирия, Ирак, Судан жана акыркы мезгилде Газада болгон окуялардын Рамазан айынын кубанычын туура түшүнүүгө тоскоол болгонун айтты.

Адамгерчилиги жок террор мамлекети Израилдин 7-октябрдан бери балдар, аялдар, карылар жана карапайым калктан турган газалыктарды кыянатчылык менен кырып жатканын баса белгилеген Эрдоган:«Израиль Газада Экинчи Дүйнөлүк согуштан да ырайымсыз геноцидди кылууда. Согушта да тийбеши керек болгон ооруканалар, медицина кызматкерлери жана сыйынуучу жайлардын өзгөчө оккупациялык күчтөр тарабынан бутага алынганын көрүп жатабыз. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон эл аралык мекеме жана уюмдар Израиль башкаруусунун бул жапайылыгын жөнөкөй реакциялардан тышкары, жөн гана карап турушат. Түркия жана бир нече мамлекеттен башка Израилге жана анын батыштык колдоочуларына каршы үн чыгарган актер дээрлик жокко эсе»,-деп айтты.

Түркиянын аймактагы достору менен кызматташып, Газанын эзилген калкына жардам берүүгө жана алардын азабын кандайдыр бир деңгээлде жеңилдетүүгө аракет кылып жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Пайгамбарыбыздын хадиси боюнча колубуз, тилибиз жана жүрөгүбүз менен зулумга каршы турабыз жана газалык боордошторубузду колдойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар