Седат Өнал : "Террор Сириянын саясий биримдигине жеринин бүтүндүгүнө эң чоң коркунуч"

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Седат Өнал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы саясий жана гуманитардык абал талкууланган сессияда сөз сүйлөдү.

2118609
Седат Өнал : "Террор Сириянын саясий  биримдигине жеринин бүтүндүгүнө эң чоң коркунуч"

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Седат Өнал террордун Сириянын саясий биримдигине жана жеринин бүтүндүгүнө, аймактык тынчтык жана ырааттуулукка эң чоң коркунуч экендигин айтты.

Элчи Өнал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы саясий жана гуманитардык абал талкууланган сессияда сөз сүйлөдү.

Элчи Өнал Сирияда 13 жылдан бери уланып жаткан кагылышуудан улам гуманитардык, саясий, коопсуздук жана экономикалык абалдын начарлаганына көңүлдөрдү бурду. 

Өнал бардык тийиштүү тараптардын реалдуу түрдө абалга баа берүүсү керектигин белгилеп, Сирия келишпестигин чечүү үчүн  негизги шарттын Сирия элинин күтүүсүнө туура келген улуттук консенсуска жетишүү экенин айтты.

Эл аралык коомчулуктун бул максатты колдоо үчүн жалпы мамилесин кайра түзүшү керектигин белгилеген Өнал: «Бул контекстте саясий, коопсуздук жана гуманитардык тармактарда бири-бирин бекемдөө процесстерине активдүү катышуу камсыз кылынышы керек. Ошол эле учурда бул зарылдык качкындардын кайтып келишин жеңилдетүү жана эрте калыбына келтирүүнү мындан ары кечиктирбөө керек",- деди. 

Өзгөчө үч негизги темада мамилени өзгөртүүгө муктаждыктын бар экенин баса белгилеген Өнал булардын биринчиси БУУнун жеңилдетүүсү менен саясий процесстин жандануусу экенин белгиледи.

Экинчиси бир террордук уюмга каршы күрөштү башка бир террор уюмуна өткөрүп берүү жаңылыштыгын акырына чыгаруу экенин белгилеген Өнал «Сирия демократиялык күчтөрү» деп аталган жикчил бир түзүлүш, Сириялык да, демократиялык да эмес,  ПКК/ЙПГнын  дал өзү»,-  деди.

Өнал үчүнчүдөн  качкындардын ыктыярдуу, коопсуз жана  кайтууларынын кагылышууну чечүү процессинин бир бөлүгү болушу керектигине көңүлдөрдү  бурду.

Элчи Өнал Түркиянын Сирияда тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүшү үчүн бардык тараптар менен конструктивдүү байланышты уланта турганын белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар