Арабан сарымсагы Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч макамын алды

Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклы социалдык медиа баракчасынан темага байланыштуу билдирүү бөлүштү.

2118797
Арабан сарымсагы Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч макамын алды

Газиантептин Арабан сарымсагы Европа Биримдигинен (ЕБ) географиялык көрсөткүч макамын алды.

Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклы социалдык медиа баракчасынан темага байланыштуу билдирүү бөлүштү.

Газиантептен чек араны ашып өткөн экинчи өнүмдүн Арабан сарымсагы экенин белгилеген Юмаклы: «Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч макамын алган Арабан сарымсагы менен бирге катталган продукцияларыбыздын саны 21ге жетти. Арабан түздүгүндөгү түшүмдүү топуракта өскөн Арабан сарымсагы даамы жана жыты менен башка сарымсактардан айырмаланып турат. Кызыкдар мекемелерибиздин кызматташтыгында географиялык көрсөткүч макамын алган өнүмдөрдүн санын көбөйтүүнү жана эл аралык деңгээлде жайылтууну улантабыз»,- деди.

Газиантептин Антеп паклавасы да мурда Евробиримдиктен географиялык көрсөткүч макамын алган.



Тектеш кабарлар