Террорго каршы күрөштө Ирак менен кызматташуу

Улуттук коргоо министрлигинин булактары, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) террорго каршы күрөшүүсүнүн чечкиндүүлүк менен уланып жатканын билдирди.

2118408
Террорго каршы күрөштө Ирак менен кызматташуу

Ирак бийлигинин жикчил террордук уюм ПККны коркунуч катары көргөнү, Биргелешкен операция борбору жана террор менен күрөшүүдөгү берки кызматташтык сунуштарына оң көз карашта экени маалымдалды.

Улуттук коргоо министрлигинин булактары, Министрликте өткөрүлгөн маалымат жыйынында, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) террорго каршы күрөшүнүн чечкиндүүлүк менен уланып жатканын билдирди.

ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨ баш болгон бардык террордук уюмдарга каршы жүргүзүлгөн операциялар менен акыркы бир жумада Ирак жана Сириянын түндүгүн да кошкондо 26 террорист жок кылынып, 1-январдан бери жок кылынган террористтердин санынын 608ге жеткени айтылды.

Министрликтин булактары, Багдаддагы жолугушууларда Ирак тараптын террор менен күрөшүүдөгү мамилеси тууралуу суроого төмөнкүдөй жооп берди: «Ирак тарап да террордук уюм ПККны коркунуч катары көрүүдө. Биздин Биргелешкен операция борбору жана террорго каршы күрөшүүдөгү берки кызматташуу сунуштарыбызга оң көз карашта. Алдыдагы мезгилде террор менен күрөшүү, чек ара коопсуздугу сыяктуу темаларда Ирак органдары менен иш алып баруубуз уланат».



Тектеш кабарлар