Нуман Куртулмуш Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш үмүт, береке жана табияттын жандануусунун символу болгон, миңдеген жылдык тарыхы болгон Нооруз майрамынын кубанычтуу майрамдалгандыгын белгиледи.

2118412

Нуман Куртулмуш 21 -  Март Нооруз майрамынан улам жарыялаган куттуктоосунда Нооруздун жаздын жана тирилүүнүн жарчысы экендигин, бул майрамда молчулуктун жана берекенин бөлүшүлгөндүгүн, урмат  -  сыйдын бекемделгендигин айтты. 

Куртулмуш Жакынкы Чыгыштан Орто Азияга чейин ар түрдүү географияларда белгиленип жаткан Нооруздун  түпкүлүгүндөгү баалуулуктар менен адамдардын чогулуп,  үмүттөрүн жаңырткан майрамы катары биримдиктин жана ынтымактын символу экенине көңүл бурду.

Куртулмуш : "Нооруз жаңы бир башталгычтын кабарчысы, келечекке үмүт менен кароонун мезгили",- деди. 

Вице  - президент Жевдет Йылмаз да  21 -  Март Нооруз майрамынан улам социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө : "Боордоштуктун жана тилектештиктин майрамы Ноорузга жетүүнүн, жазды тосуп алуунун кубанычын жашап жатабыз. Орто Азиядан Анадолу жана Балкандарга чейин созулган  орток маданий географиябызда кылымдар бою бирдей шыктануу жана толкундануу менен майрамдап келе жаткан Ноору , өлкөбүзгө жана бүткүл адамзатка жаздын келишин жана жаратылыштын ойгонушун билдирет",- деди. 

Тектеш кабарлар