Министр Фидан Кыршехирде жарандар менен жолугушту

Тышкы иштер министри  Хакан Фидан  Түркиянын кыйын бир географияда, турмуштук коркунучту түзгөн кризистерге карабастан аймакта жана бүткүл дүйнөдө тынчтык жана туруктуулуктун жактоочусу болууну уланткандыгын белгиледи.

2117677

Министр Фидан Кыршехирде жарандар менен жолугушту.

Ифтар программасында сөз сүйлөгөн Фидан Түркиянын  21 жылда доор аттагандыгын, буга баарынын күбө болгондугун айтты.

Түркия жана президент Режеп Таййип Эрдогандын дүйнөнү коркуткан кризистер, кагылышуулар жана согуштарга карабастан сезимталдуулуктун, адилеттиктин жана абийирдин үнү болгонуна көңүлдөрдү бурган Фидан : «Өлкөбүз жана аймагыбызда оюндардын ойнолушуна уруксат бербейбиз»,- деди.

Израилдин Газадагы кыргындарына токтолгон Фидан Түркиянын палестиналыктарга карата колдоосун кайталады.

Хакан Фидан Газада ок атышпоо жана гуманитардык жардамдардын жеткирилишине карата аракеттерин болгон күчү менен улантып жаткандарын баса белгиледи.

Айрым топтордун Израилдин Газадагы зулумдарына үн чыгарбагандыгын эске салган тышкы иштер министри : «Биз Түркия катары башынан бери Газада ок атышууну дароо токтотуу керектигин айтып келдик. Аймакка гуманитардык жардамдар үзгүлтүксүз кириши керек. Палестиналык боордошторубуз Чыгыш Кудс борбор шаар боло турган эгемендүү мамлекеттерине ээ болушу керек»,- деди.

Тектеш кабарлар