Испаниянын тышкы иштер министри Түркияга келет

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги сапарга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2117749
Испаниянын тышкы иштер министри Түркияга келет

Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес Буэно Түркияга келет.

Тышкы иштер министрлигинин сапарга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Испания Королдугунун тышкы иштер, Европа Биримдиги (ЕБ) жана кызматташтык министри Хосе Мануэль Альбарес Буэно 2024-жылдын 20-21-мартында өлкөбүзгө расмий сапар менен келет. Жолугушууларда эки өлкөнүн карым-катнаштары менен бирге Түркия-Европа Биримдиги алакалары, ошондой эле учурдагы аймактык жана глобалдык маселелер каралат»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар