Фидан Атомдук энергия саммитине катышат

1-Атомдук энергия саммити 21-мартта Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өтөт.

2117701
Фидан Атомдук энергия саммитине катышат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Атомдук энергия саммитинде Түркиянын энергетикалык коопсуздук саясаттарын түшүндүрөт.

1-Атомдук энергия саммити 21-мартта Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өтөт.

Саммитте таза энергетикага өтүү, энергетикалык коопсуздук жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө атомдук энергетиканын ролу талкууланат.

Саммитте Түркияны тышкы иштер министри Хакан Фидан өкүлдүк кылат.

Министр Фидан саммитте мамлекет жана өкмөт башчыларына кайрылуу жасап, Түркиянын энергетикалык коопсуздук саясатын түшүндүрөт жана маектештерине Аккую атомдук станциясы долбоору тууралуу маалымат берет.

Саммитте кадимки атомдук станциялардын да, чакан модулдук реакторлордун да Түркиянын энергетикалык коопсуздугунун негизги элементи боло турганы катышуучуларга түшүндүрүлөт.

Атомдук энергия саммитине өзөктүк энергияны колдонгон, бул тармактагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну максат кылган жана атомдук энергетикага өтө турган өлкөлөрдүн өкүлдөрү чакырылды.

Саммитке 18 өлкөдөн өкмөт жана мамлекет башчылары же орун басарлары, Европа Биримдиги Кеңеши жана Комиссиясынын төрагалары менен 17 өлкөнүн министрлери жана жогорку кызмат адамдары катышат.



Тектеш кабарлар