Муглага жакын жерде мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Топтор Грециянын элементтери тарабынан түрк сууларына сүрүлгөн кемедеги  12си бала болгон  33 мыйзамсыз мигрантты куткарды.

2117406
Муглага жакын жерде мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Мугланын Бодрум районунун жээктеринде 33 мыйзамсыз мигрант куткарылып, 67 мигрант кармалды.

Жээк коопсуздук командирлигинин интернет баракчасынан берилген маалыматка караганда, Бодрумга жакын жерде кайыкта мыйзамсыз мигранттардын бар экендиги тууралууу кабар боюнча Жээк коопсуздук кемеси аймакка жиберилди. 

Топтор Грециянын элементтери тарабынан түрк сууларына сүрүлгөн кемедеги  12си бала болгон  33 мыйзамсыз мигрантты куткарды.

Районго жакын жерде түрдүү убактарда Жээк коопсуздук мобилдик кайыктары менен радары тарабынан аныкталган 3 резина кайык токтотулуп 13 бала болгон мыйзамсыз  67 мигрант менен  2 шектүү мигрант аткезчиси кармалды. 

Шектүүлөр камакка алынып, мыйзамсыз мигранттар процедурадан кийин облустук миграция директорлугуна тапшырылды. 

 



Тектеш кабарлар