Министр Кажыр : "Түркия шамал энергетикасында Европанын лидер өлкөсү болот"

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркиянын алдыбыздагы 10 жылда шамал энергетикасында Европанын алдыңкы өлкөсү боло тургандыгын айтты.

2117484

Министр Кажыр Измирде берген билдирүүсүндө шаарда шамал энергиясы метеорологиясы жана экологиялык сыноо жана талдоо борборун кургандарын эске салып : "Түзүлгөн бул инфраструктуралар менен алдыбыздагы мезгилде шамал электр станцияларындагы локалдаштыруу көрсөткүчүн 60 пайыздан ашырабыз. Биз бул тармакта Европада алдыңкы өлкөсү болот жана Измир да бул лидерлик процессинин Түркияда жол башчы шаары болот. 

Европада алдыбыздагы  20 жылда пайда боло турган  300 гигаватттык шамал турбинасына түшкөн талаптан  үлүшүн алууну жана өлкөбүздө жашыл транформациянын негизги элементи  болгон жаңыланууга боло турган энергетика инвестицияларында 2023 -  жылга чейин ишке аша турган  15 гигаватт шамал турбина инвестицияларында жергиликтүү турбиналарыбызды колдонууну камсыз кылууну максат кылуудабыз»,- деди.

Тектеш кабарлар