Хакан Фидан Ирактагы террор менен күрөшүүгө токтолду

Хакан Фидан катышкан бир телекөрсөтүү программасында тышкы саясат күн тартибине баа берип суроолорго жооп берди.

2117283
Хакан Фидан Ирактагы террор менен күрөшүүгө токтолду

 Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын аймагында туруктуулукту түзүү үчүн колундагы бардык тышкы саясат куралдарын координациялуу түрдө колдонууда чечкиндүү экенин баса белгиледи.

Хакан Фидан катышкан бир телекөрсөтүү программасында тышкы саясат күн тартибине баа берип суроолорго жооп берди.

Ирактагы террор менен күрөшүүгө токтолгон Фидан : «Биздин каалообуз Сүлейманиедеги досторубуздун жаңылыштыктарын оңдоп, тарыхта болгондой бүгүн да Түркия менен достугун бекемдеп, орток келечекке бирдикте кыймыл кылуубуз»,- деди.

Фидан Эрбил, Сүлеймение, Багдад, Керкүк жана Мусулда «келечекти бирдикте» курушарын, бул жерде террордук уюмдарга орун жок экендигин белгилеп : «Буларды биз эми системабыздан чыгарышыбыз керек. Булар пайдалануу мөөнөтү бүткөн уюмдар. Сөзү болгон шаарлар, маданияттар эски маданияттар жана буга чейин мындай коркунучтарды жеңип келген, буюрса мындан кийин да жеңет»,- деди.

Министр Фидан : «Сүлейманиедеги Күрдистан патриоттор биримдигинин жетекчилиги жана аны түзгөн топтун ПКК менен болгон карым  - катнаштары, чын ыкластуулугу биз үчүн маселе болуудан башка улуттук коопсуздук коркунучка айланды»,- деди.

Фидан : «Түркия аймагында туруктуулукту түзүү үчүн колундагы бардык тышкы саясат куралдарын координациялуу түрдө колдонууда чечкиндүү»,- деди.  



Тектеш кабарлар