Гүлер террорду булагында жок кылуу стратегиясына токтолду

Министр Яшар Гүлер министрликте өткөрүлгөн «18-Март шейиттерин эскерүү күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин» 109 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.

2116377
Гүлер террорду булагында жок кылуу стратегиясына токтолду

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, террорду булагында жок кылуу стратегиясы менен тынымсыз жана комплекстүү операцияларды жүргүзүп, террордук уюмдарга чоң сокку ургандарын айтты.

Министр Яшар Гүлер министрликте өткөрүлгөн «18-Март шейиттерин эскерүү күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин» 109 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.

Гүлер бул жерде сүйлөгөн сөзүндө тарыхтын эң чоң жеңиштеринин бири болгон Чанаккале жеңишинин да боштондук согушунун баштоочусу болгонун айтты.

Республиканын 2-кылымында Чанаккаледе көрсөтүлгөн күрөш рухунан шыктануу менен Түркияны дагы күчтүү жана жаркын келечекке алып келүү максатында аракеттердин уланып жатканын баса белгилеген Гүлер: «Бүткүл дүйнөдө чыңалуу күчөгөн жана кагылышуулар күчөгөн мезгилде Түркия катары Кара деңизден Африкага, Жакынкы Чыгыштан Кавказга чейин тынчтык жана ырааттуулуктун өкүм сүрүшү үчүн катуу аракет кылуудабыз»,-деп айтты.

Министр Гүлер Түрк куралдуу күчтөрүнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге өлкө ичинде жана чек аранын тышында да террор менен күрөшүүдө чоң ийгиликтерге жетишкенине көңүл буруу менен сөзүн улап: «Өткөндө чектелген максаттуу жана мөөнөттүү операциялардын ордуна бүгүн терроризмди булагында жок кылуу стратегиясы менен үзгүлтүксүз жана комплекстүү операцияларды жүргүзүп, террордук уюмдарга чоң сокку уруудабыз. Эгерде биз азыр ал жерде болбосок, уюмдун өлкөбүзгө жана улутубузга каршы кол салуулары мурдагыдай өлкө ичинде уланмак жана азыркы ырааттуулук чөйрөсү түзүлмөк эмес. Тынчтык жана коопсуздугубуз үчүн терроризмге каршы күрөшүбүз ынтызардуулук жана чечкиндүүлүк менен улана береринен эч ким күмөн санабашы керек»,-деди.

Гүлер терроризмге каршы күрөш менен бир убакта Көгүлтүр жана Асман мекенибиздеги укук жана кызыкчылыктардын чечкиндүү түрдө корголуп жатканын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар