Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгүнө колдоосун кайталады
Тышкы иштер министрлиги «Крымдын мыйзамсыз аннексияланышынын 10 жылдыгына» байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.
Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин колдой турганын кайталады. Тышкы иштер министрлиги «Крымдын мыйзамсыз аннексияланышынын 10 жылдыгына» байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.
Билдирүүдө : "2014 - жылдын 16 - мартында өткөн мыйзамсыз референдумда Украинанын Крым Автономдук Республикасы Россия Федерациясы тарабынан аннексияланганына 10 жыл болду",- деп айтылды.
Түркиянын Крым татар түрктөрүнүн абалы башта болгон Крымдагы абалдарды жакындан иликтөөнү жана алдыңкылык берилген күн тартибинде кармоону уланта тургандыгы баса белгиленген билдирүүдө : "Эл аралык мыйзамын бузган бул абалды кабыл албаганыбызды жана Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигине болгон колдообузду кайталайбыз",- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.