Францияда кармалган чыгармалар Түркияга кайтарылууда

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой : «Францияда кармалган  8 миң 659 чыгарманы кайтарып алып жатабыз»,-деди.

2115943
Францияда кармалган чыгармалар Түркияга кайтарылууда

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой : «Францияда кармалган  8 миң 659 экспонатты кайтарып алып жатабыз»,-деди.

Министр Эрсой социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө бардык нерсенин Австрияда аукцион фирмасында сатууга коюлган Анадолу тектүү көп сандагы тыйындын Аткезчилик менен күрөшүү башкармалыгы тарабынан аныкталышы менен башталганын,  Австрияда башталган изилдөөнүн Франция менен байланышкандыгын белгиледи.

Франциянын укук коргоо күчтөрүнүн Түркиядан мыйзамсыз жолдор менен өлкө тышына чыгарылган бул чыгармаларды сатууга чыгарган кишилерге каршы кенен териштирүүнүн баштатылгандыгын белгилеген Эрсой ошол эле учурда түрк полициясы тарабынан ишке ашырылган жана дүйнөдө чоң жаңырык жараткан Анадолу жана  мурас операциясы менен бул экспонаттарды уурдаган кылмыш тобунун Түркиядагы бөлүгүнүн жок кылынгандыгын эске салды.

Министр Эрсой : «Дүйнөлүк бажы уюму өлкөлөрдүн арасындагы координацияны түзүү менен маалымат агымын күчөттү. Бардык бул аракеттердин натыйжасында 8 миң 659 экспонат, анын ичинде тыйындар жана жазуулар Франциянын Бажы жана чалгындоо бөлүмү тарабынан колго түшүрүлдү. Биз Францияда колго түшүрүлгөн 8 миң 659 экспонатты кайтарып алуудабыз",- деди.

 



Тектеш кабарлар