Чанаккаледе мигранттар болгон кеме сууга чөктү

Чанаккале губернатору Илхами Акташ «каза болгондордун төртөөсүнүн ымыркай экендигин» айтты.

2116038
Чанаккаледе мигранттар болгон кеме сууга чөктү

Чанаккале  Эжеабат  жакындарында мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин сууга чөгүшү менен жетиси бала болгон 22 киши каза болду.

Мыйзамсыз мигранттар болгон кеме Эжеабат районуна  8 миль алыстыкта чөккөн.

Аймакка жээк коопсуздук күчтөрүнүн куткаруу кемелери менен тез жардам унаалары жиберилди.

Алгачкы маалыаттарга караганда, жетиси бала болгон 22 мыйзамсыз мигрант каза болду.

2 адам өз мүмкүнчүлүктөрү менен    2 адам да Жээк коопсуздук топтору тарабынан куткарылды.

Чанаккале губернатору Илхами Акташ «каза болгондордун төртөөсүнүн ымыркай экендигин» айтты.

Губернатор кемедегилердин  так санын белгилөөгө аракет кылынып жаткандыгын айтты.

Издөө - куткаруу иштери улантылууда.

 

                   



Тектеш кабарлар