Президент Эрдоган Агрыда сөз сүйлөдү

Эрдоган, Түркия кылымы көз карашы менен келечекке багыт алгандарын билдирди.

2115581
Президент Эрдоган Агрыда сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, эми демократиясы, башкаруу ыкмасы, билим берүүдөн саламаттыкты сактоого чейин бардык өнүгүү инфраструктурасы менен жаңы Түркиянын бар экенин айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, жергиликтүү шайлоо үгүттөрүнүн алкагында партиясынын Агры митингинде сөз сүйлөдү.

Бийликке келгенден бери Түркиянын тарыхындагы эң түптүү демократия жана өнүгүү бурулуштарын ишке ашырышкандарын баса белгилеген Эрдоган, Түркия кылымы көз карашы менен келечекке багыт алгандарын билдирди.

Түркиянын акыркы мезгилде ар тармакта чоң бурулуш жасаганына көңүл бурган Эрдоган: «Дүйнө эски дүйнө эмес, Түркия да эски Түркия эмес. Азыр демократиясы, башкаруу ыкмасы жана билим берүүдөн саламаттыкты сактоого чейин бардык өнүгүү инфраструктурасы менен жаңы Түркия бар»,-деди.

Президент: «Түркия кылымы менен бирге дүйнөнүн эң күчтүү жана гүлдөгөн өлкөлөрүнүн катарына кирүүгө даярданып жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар