Президент Эрдоган Шырнакта сөз сүйлөдү

Эрдоган, партиясынын Шырнак митингинде сүйлөгөн сөзүндө террор менен күрөшкө токтолду.

2114994
Президент Эрдоган Шырнакта сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түштүк чек араларыбызда түзө баштаган коопсуздук коридорунун негизинде айланабыздагы өрттүн өлкөбүзгө жайылышынын толук алдын алып жатабыз»,-деди.  

Адилеттик жана өнүгүү партиясын да жетектеген Эрдоган, партиясынын Шырнак митингинде сүйлөгөн сөзүндө террор менен күрөшкө токтолду.

«Түштүк чек араларыбызда түзө баштаган коопсуздук коридорунун негизинде тегерегибиздеги өрттүн өлкөбүзгө жайылышынын толук алдын алуудабыз»,-деген президент, Түркияны бул отко тартуу үчүн колдонулган террордук уюмдар менен өлкөнүн чек арасына тосмо коюп империалисттерден да, алардын колдоочуларынан да аралыкты сактап жатышканын айтты.

Кечээкиге чейин ресурстарын пайдалануу үчүн Түркияга учактан танкка, тик учактан радарга чейин ар түрдүү коргоо өнөр жай продукциясын саткандардын эми түрк өнүмдөрүн талап кыла баштаганын айткан Эрдоган: «Көптөгөн жылдар бою өлкөбүздү базар, элибизди арзан жумушчу күч, жерибизди арзан чийки зат катары көрүп келгендер азыр биздин рынокко айланды. Башкача айтканда, оюнду тескерисине айландырдык. Эгер стабилдүүлүк жана ишеним климатыбыздын зыян тартышын алдын алсак, биримдигибизди, ынтымагыбызды, боордоштугубузду коргосок, ортобузда чыр-чатак салгысы келгендерге мүмкүнчүлүк бербесек, колубуздагы ресурстарды талыкпай эмгектенүү менен мүмкүнчүлүккө айландырсак, мындан да көп нерсеге жетээрибизге ишениңиз», - деди.



Тектеш кабарлар