Эрдоган Зардарини куттуктады

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан  берилген маалыматка караганда президент Эрдоган Зардари менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2114507
Эрдоган Зардарини куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Пакистандын президенти Асиф Али Зардарини президент болуп шайланышы менен куттуктады.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан  берилген маалыматка караганда президент Эрдоган Зардари менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Зардарини президент болуп шайланышы менен куттуктаган Эрдоган сүйлөшүүдө эки өлкөнүн карым - катнаштарынын ар тармакта өнүгүүсүн күткөндүгүн белгилеп, жаңы мезгилдин Пакистан үчүн пайдалуу болорунан  үмүттөнгөндүгүн билдирди.

Шайлоо  мезгилинде Пакистанда болгон террордук кол салууларды айыптаган Эрдоган, Түркиянын террор менен күрөшүүдө Пакистандын жанында болууну уланта турганын айтты.



Тектеш кабарлар