Түркмөн улуттук лидери Эрдоганга ыраазычылык билдирди

Түркмөнстандын улуттук лидери Гурбангулы Бердимухамедов президент Режеп Таййип Эрдоганга эки тараптуу карым - катнаштарды өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

2114291
Түркмөн улуттук лидери Эрдоганга ыраазычылык билдирди

Түркмөнстандын улуттук лидери Гурбангулы Бердимухамедов президент Режеп Таййип Эрдоганга эки тараптуу карым - катнаштарды өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

ТРТ Кабардын суроолоруна жооп берген Бердимухаммедов Түркия ичинде жана тышында миллиондогон көрүүчүсү бар ТРТ Кабарга маек бергендигин, түрк мамлекеттеринин ортосундагы карым  - катнаштар тууралуу  кенен көз караштарды билдирүү мүмкүнчүлүгүн бергендигин айтты.

Түрк калктарынын тегинин бир экендигин белгилеген Бердимухаммедов : «Бул абал өз ара карым  - катнаштарыбызга өзгөчө маани берүүдө. Көз карандысыз, эгемендүү мамлекет болгонубузга карабастан биз узун мөөнөттүү биргелешкен максат жана кызыкчылыктарыбыздын бар экендигин унутпайбыз»,- деди.

Түркмөнстандын улуттук лидери Түрк мамлекеттери уюмун түрк мамлекеттеринин ортосундагы достук мамилелерди, экономикалык жана маданий кызматташтыкты чыңдоого багытталган уюм, келечектүү жана ишенимдүү эл аралык өнөктөш катары көргөндүгүн айтты.

Бердимухамедов президент Эрдоганга эки тараптуу карым - катнаштарды өнүктүрүүгө көрсөткөн камкордугу жана сезимталдыгы үчүн ыраазы экендигин айтып : «Түркмөнстандын президенти  Сердар Бердимухаммедов жакында  президент Эрдоганды «Түркмөн калкынын ардактуу аксакалы» деп жарыялашы президент Эрдогандын түрк дүйнөсүнө кошкон салымын тастыктады»,- деди.



Тектеш кабарлар