Никос Дендиас Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттары тууралуу билдирди

«Naftemporiki» гезитине маек берген Никос Дендиас грек армиясын реформадан өткөрүп, өздөрүнүн коргоо технологиялары программаларын ишке ашыра тургандарын айтты.

2114249
Никос Дендиас Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттары тууралуу билдирди

Грециянын коргоо министри Никос Дендиас Түркиянын Байрактар ТБ  - 2 учкучсуз учуучу аппараттарына каршы «Грек жерлерин камтыган учкучсуз учуучу аппараттарга каршы купол кура тургандарын» айтты.

«Naftemporiki» гезитине маек берген Никос Дендиас грек армиясын реформадан өткөрүп, өздөрүнүн коргоо технологиялары программаларын ишке ашыра тургандарын айтты.

Дүйнөдө жана аймакта геополитикалык белгисиздиктин акыркы үч жылда өскөнүн жана Грециянын бардык сценарийге даярданышы керектигин белгилеген Дендиас кабарчынын : «Украина  21 -  кылымдагы согуштарда учкучсуз учуучу аппараттар жана учкучсуз учуучу аппараттарга каршы коргонуу системаларынын маанилүү роль ойной тургандыгын көрсөттү. Коңшу Түркия бул тармакта маанилүү ийгиликтерге жетишти. Бул тармакта Греция кандай абалда?»,- деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди : «Бул тармактагы технологиялык өнүгүүлөрдүн глобалдык деңгээлде согуштарды өзгөрткөндүгү ачык. Арменияга жасаган акыркы сапарымда учкучсуз учуучу аппараттардын заманбап согуш тармагында кандай колдонулгандыгы тууралуу кенен маалымат алдым. Билесиңер, бул өлкөнүн армиясы Байрактар да болгон учкучсуз учуучу аппараттар кенен колдонулган бир армиянын (Азербайжан) кол салуусуна учурады. Коргонуу кызматташуусу үчүн Армения менен бирдикте иштейбиз. Греция бул тармакта күчүн бекемдөөгө аракет кылып жатат. Грек аймактарын камтыган учкучсуз учуучу аппараттарга каршы купол курабыз».



Тектеш кабарлар