Министр Болат Германия жана Британияга барат

Министр Болат сапарынын алкагында эки өлкөдө ишкерлер менен жолугушат.

2114452
Министр Болат Германия жана Британияга барат

Соода министри Өмер Болат Германия жана Британияга сапар менен барат. 

Министр Болат сапарынын алкагында эки өлкөдө ишкерлер менен жолугушат.

Министр Болат 13-мартта Германиянын борбор шаары Берлинде эл аралык жолугушууларын баштайт. Соода министри “Чакан жана орто бизнестин келечеги” аттуу иш - чарага катышат. Министр Болат андан кийин  Түркияда инвестиция болгон немис ишкерлер менен "Тегерек стол жыйынында" жолугушат жана менчик сектордун өкүлдөрү менен пикир алмашат.

Түркия менен Германиянын ортосунда  2023 - жылы 50 миллиард долларга жеткен өз ара сооданын быйыл 60 миллиард долларга жетүүсү максат кылынууда. Жолугушууларда бул маселе боюнча жол картасы талкууланат.

Соода министри Өмер Болат андан соң 14 - мартта Британиянын борбор шаары Лондонго барат.

Министр Болат британиялык кесиптеши Кеми Баденоч менен жолугушат. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-инвестициялык карым  - катнаштарга баа беришет.

Эки министр эркин соода келишимин жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр июнь айында башталаарын жарыяланышы  күтүлүүдө.

Министр Болат британиялык ишкерлер менен да тегерек стол өткөрөт. Ошондой эле инвесторлор менен инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана эки тараптуу сооданы өнүктүрүү талкууланат.

 



Тектеш кабарлар