Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Дагы үч террорист жок кылынды.
Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» аймагында тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүн бузуу үчүн кол салууга даярданган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Баатыр десанттарыбыз, Сириянын түндүгүндөгү "Евфрат калканы" аймагында тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүн бузуу үчүн кол салууга даярдаган 3 ПКК/ЙПГ террористин таасирсиз кылды. Террористтер кыянаттык максаттарына жете электе таасирсиз кылууну улантабыз!»,- деп айтылды.
Министрликтин мурунку билдирүүсүндө да, Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында жикчил террордук уюмга мүчө 3, Хакурк аймагында болсо жикчил террордук уюмга мүчө 2 террористтин таасирсиз кылынганы белгиленген.