Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Түркияда

Консультацияларда эки тараптуу мамилелер кеңири талкууланып, аймактык жана эл аралык маселелер да каралды.

2113859
Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Түркияда

Анкара-Афина карым-катнаштарынын нормалдашуусуна карата дипломатиялык сүйлөшүүлөр уланууда.

Тышкы иштер министринин орун басары Бурак Акчапар менен Грециянын тышкы иштер министринин орун басары элчи Александра Пападопулу бүгүн борбор шаар Анкарада кеңешүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуу Түркия менен Грециянын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий диалогдун алкагында өттү.

Консультацияларда эки тараптуу мамилелер кеңири талкууланып, аймактык жана эл аралык маселелер да каралды.

Эки өлкөнүн ортосундагы «Биргелешкен аракет планынын» жыйыны 15-апрелде Стамбулда өтөт. Жыйында түрк делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Бурак Акчапар, грек делегациясын болсо тышкы иштер министринин орун басары Константинос Фрагкояннис жетектейт. Афинада бир жумадан кийин өткөрүлүшү пландалган «Ишенимди арттыруучу чаралар» жыйынында да коргонууга байланыштуу маселелер талкууланат.

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин да май айында Анкарага келери күтүлүүдө.

Грек басма сөзүнүн маалыматына караганда, Мицотакис Анкара менен бирге Стамбул жана Гөремеге барат.

Кеңешме жыйыны, 7-декабрда президент Режеп Таййип Эрдогандын Грецияга сапарынын алкагында кол коюлган Афина декларациясынын уландысы мүнөзүндө.



Тектеш кабарлар