"Байрактар TB2нин" жаңы аялдамасы Мальдив аралдары
Келишимдин алкагында аппараттарды тапшыруу иштери башталды.
2113369
"Байрактар TB2" куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар экспорттолгон өлкөлөргө Мальдив аралдары да кошулду.
Алынган маалыматка караганда Мальдив аралдары коопсуздук күчтөрүнүн муктаждыктары үчүн командалык башкаруу станциясы жана 6 даана Байрактар ТБ2ден турган системаны сатып алат.
Келишимдин алкагында аппараттарды тапшыруу иштери башталды.
Мальдив аралдарынын президенти Мухаммед Муиззу 2023-жылдын ноябрь айында Түркияга келип, президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушкан.
Муиззу айрым түрк коргоо өнөр жай ишканаларын да кыдырган.