Фидан - Блинкен жолугушусу

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Газадагы абалдын абдан маанилүү экендигин жана күнөөсүз адамдардын кыйынчылыгын токтотуу үчүн чукул түрдө аракетке өтүү керектигин айтты.

2113029
Фидан  -  Блинкен жолугушусу

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Газадагы абалдын абдан маанилүү экендигин жана күнөөсүз адамдардын кыйынчылыгын токтотуу үчүн чукул түрдө аракетке өтүү керектигин айтты.

АКШда Стратегиялык Механизм жыйынынын негизинде америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен  жолугушан тышкы иштер министри Фидан Газадагы Израиль кыргындары башта болгон бир топ маанилүү аймактык абалдын бир убакта чыккандыгын белгилеп : «Газадагы оор абал бизден бул маселени тезинен чечүүнү талап кылууда.  Эл аралык коомчулук күнөөсүз адамдардын тарткан кыйынчылыгын токтото алган жок. Газадагы адамдар  чукул гуманитардык жардамга муктаж»,- деди.

Министр Фидан Газада ок атышуунун токтотулушун жана үзгүлтүксүз гуманитардык жардамдын берилиши үчүн АКШ жана башка өлкөлөр менен олуттуу иштешүү керектигин да баса белгиледи. Хакан Фидан Вашингтондогу жолугушуулары тууралуу басма сөз кызматкерлерине баа берди. Эки өлкөнүн карым  - катнаштарында бир топ тармактагы кызматташуунун арттырыларын айткан Фидан Түркиянын күтүүлөрүн Америка тарабына билдиришкендерин белгиледи.



Тектеш кабарлар