Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) террорго каршы күрөшү чечкиндүүлүк менен уланууда.
Террорго каршы жүргүзүлгөн операцияларда акыркы бир жумада 36 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин пресс-релизине караганда, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) террорго каршы күрөшү чечкиндүүлүк менен уланууда.
Баардык террордук уюмдарга, өзгөчө жикчил террордук уюм ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨгө каршы жүргүзүлгөн операцияларда акыркы бир жумада Ирак жана Сириянын түндүгүн кошкондо 36 террорист жок кылынды.
1-январдан бери жок кылынган террористтердин саны болсо 519га жетти, алардын 204ү Ирактын түндүгүндө, 315и Сириянын түндүгүндө таасирсиз кылынды.
Учурда уланып жаткан операциялар жана издөө-тинтүү иштеринин алкагында «Чеңгел-Жолборс» операциясы аймагында аныкталган баш калкалоочу жайдан террористтерге таандык көп сандаган миномет ок-дарылары колго түшүрүлдү.